Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Бизнесмендер коррупцияга каршы эсепти опузалардан улам толтурушат

«Эч ким СИЗОдо отургусу келбейт, ишкерлердин макул болгонунун себеби ушул»

Кыргызстандагы коррупцияга каршы эсепти бизнесмендер түрмөгө отуруп калгандан коркушканынан толтурушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев айтып чыкты.

Анын айтымында, укук коргоо органдары күрөө алуу менен деле чектелишсе болмок.

- Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары экономикалык иштерди козгошсо, дароо компаниянын жетекчилерин СИЗОго тыгышат, - деди ал. - Андан кийин коррупцияга каршы эсептин толтурулганы жөнүндө акт толтурушат. Албетте, эч ким изолятордо отургусу келбейт, ошон үчүн баары макул болот. Мүмкүн аларды күрөө менен бошготуу керектир?

Муну менн бирге Дастан Далабайевич СИЗОну каржылоого бюджеттен жылына 300 миллион кетерин кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх