Депутат Абжалиев Баткен облусунун ИИБ башчысына генералдык наам берүүнү сунуштады
Парламент мүчөсүнүн айтымында жогорку эмес статус облустук милициянын башчысына тажикстандык кесиптештери менен сүйлөшүү жүргүзүүгө тоскоол болууда
Баткен облусунун ИИБнын башчысына генерал наамын ыйгаруу керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев билдирди.
Анын айтымында, Баткен облусунун ИИБнын жетектеген Акылбек Мамасейитов өзүнүн статусунан улам тажикстандык генералдар менен жетиштүү деңгээлде сүйлөшүү жүргүзө албайт.
- Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар уланууда, - деп маалымдаган ал. -Чырлар турмуш-тиричиликтен башталып, Тажикстандан сүйлөшүүгө бир нече генералдар келишет. Ал эми биздин ИИБ жетекчиси полковник чининде. Менимче, биз ал жерге же министрдин орун басарын жиберип же Мамасеитовду коңшулаш кесиптештерине теңеш үчүн ага генералдык наам беришибиз керек.
Зулайка Эркимбаева
Фото www