Евробиримдиктин элчиси Аида Касымалиева менен өткөргөн жолугушуусу тууралуу кыргыз тилинде билдирүү жазды
Эдуард Ауэрдин айтымында алар КР менен ЕБнин ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан
Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр өз Twitter-аккаунтунда Жогорку Кеңештин спикери Аида Касымалиева менен өткөргөн жолугушуусу тууралуу кыргыз тилинде жазган.
«Парламент Кыргызстандын саясий аренасында чоң роль ойнойт. Төраганын орун басары @a_kasymalieva менен Кыргызстан жана ЕБ ортосундагы кызматташуу жана мыйзам чыгаруу иши тууралуу жемиштүү талкуу өткөрдүк. Кесиптик бирликтер туурасындагы мыйзам долбоорун дагы талкууладык», - деп жазган элчи.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз