Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын таркатуу сунушталды

Кенжебек Бокоев өзүнчө тергөө органын түзүп, ал эми экономикалык кылмыштарды Финполго гана калтыруу керек деп эсептейт

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Кыргызстанда өзүнчө тергөө органын түзүүнү сунуштады. Мындай демилгени ал парламентте «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамды колдонууга киргизүү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирген.

- Буга чейин мен тергөө органын түзүү жөнүндө бир нече жолу маселе көтөргөм, - деп ал УКМКнын өкүлдөрүнө кайрылды. - Мисалы, тергөөнү ИИМден, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан жана башка мекемелерден алып салып, өзүнчө башка түзүм түзүү, буга кандай карайсыздар?

УКМКнын өкүлү мындай маселелер анын компетенциясына кирберин айтты.

- Экономикалык кылмыштар боюна дагы, - мүмкүн алар менен Финпол эле алектениши керектир? Сиздин пикириңизди уксак жакшы болмок, - деп сөзүн улантты. - УКМК улуттук коопсуздук менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча гана иш алып барышы үчүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын (АКС) жоюп салуу...

Парламент мүчөсүнө ЭКККМК менен УКМКнын АКСнин иши айырмаларын айтып жооп кайтарышты.

- АКС коррупция менен күрөшөт, - деп тактады атайын кызматтын өкүлү.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх