Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги эски аянтка курултайчылар 10 миңден ашык кишини чогултууга ниет кылышууда

Жогорку Кеңеш референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамды кабыл алууну кечиктирүүдө, буга байланыштуу активисттер ыкчам аракеттерге өтүшүүдө

Бишкектеги эски аянтта бир нече миң адам чогулушу мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына референдумду даярдоо боюнча демилгечи топтун башчысы Айбек мырза билдирди.
"Курултайдын аткаруучу комитети кыргызстандыктарды 24-ноябрда эски аянтта өтө турган элдик талкууга чакырат, - деди ал. - Шайлоочулардын 13 миң колун топтоп бергенибизге карабай, депутаттар референдумду дайындоо маселесин 4 айдан бери карабай жатышат. Референдумга биз 3 маселени көтөрүп чыгалык дегенбиз: бийликтин Курултайда отчет берүүсү, башкаруу түрлөрү жана шайлоо системасы. Мындан сырткары, кен байлыктардын 51 пайыздан кем эмеси мамлекеттик үлүштө болушу керектиги жөнүндө мыйзамды дагы талкууламакчыбыз».

Демилгечи топтун пикиринде аянтка алардын кеминде 10 миң тарапташы келет. Ошондой эле депутаттар жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чакырылган. Мындан сырткары, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун катышуусу да күтүлүүдө.


Толкун Наматбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх