Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Кайгуул милициясы кайра иштеп баштады

Президент жакынкы арада кызмат бүткүл Кыргызстан боюнча иштеп баштарын убадалады

Бишкекте бүгүн - 31 октябрда Кайгуул милициясы расмий түрдө иштеп баштады. Кызматтын ишке киришине арналган расмий иш-чараны президент Сооронбай Жээнбеков ачты.

Мамлекет башчы жаңы кызмат жакынкы арада бүткүл республика боюнча иштеп баштарын убадалады. Ал жаңы кызматкерлер менен учурашып, иштерине ийгилик каалап өттү.

Милициянын жаңы кайгуул кызматында ИИМнин Академиясында окуу өткөн жай жарандар дагы кызмат кылышат. Кызмат планшет, GPS системалары менен камсыздалган.

Кызматчылардын минималдык эмгек акысы 21 миң сомду түзөт. Коррупцияга каршы мекемелер арлардын ишмердүүлүгүнө көз салат.

Эске салсак, Кыргызстанда буга чейин да патрулдук милиция түзүлгөн эле. Ал 2018-жылы жоюлуп кеткен. 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Жол-кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматын бириктирип, кайгуул милициясын түзүү чечимин кабыл алган.

Сапар Исаковдун премьер-министрлигинде бөлүмдү Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына өзгөртүлгөн.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх