Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскер прокуратурасы Атамбаевдин уулунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүүдө

Сеидбек Атамбаев «Автомаш-Энерго» ЖЧКнун ээси болуп саналат

Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаевдин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу КСДП партиясынан билдиришти.

Учурда кеңседе прокуратуранын кызматкерлери, Сеидбек Атамбаев жана анын юристтери бар.
Ал ортодо социалдык тармактарда Атамбаевдин уулунун Кыргыз Республикасынын бизнес-акыйкатчысы Робина Орд Смиттин даректелген кайрылуусу жарыяланды.
Анда Атамбаевдин уулу рейдердик басып алуу жүрүп жатканын айткан.

«Биздин компания эч качан жөнөкөй абоненттерге, башкача айтканда калкка эмес, баса белгилеп кетейин, ири өнөр жай ишканаларына гана электр энергиясын жеткирип келген. Интернет жана социалдык тармактарда өлкөдө түзүлгөн саясий абалга байланыштуу, биздин компанияны ушак-айыңдар аркылуу каралоо аракеттери жүрүп жатат. ал эми мамлекеттик органдар бардык регламент жана мыйзамдарды бузуп, жогорку деңгээлдеги социалдык жоопкерчиликте мүнөздөлгөн биздин ишкерлик ишмердүүлүгүбүзгө бут тосушууда», - деп айтылат кайрылууда.

Рейдерлик басып алуу аракеттери жана ишкерлик ишмердүүлүгүбүзгө бут тосууну ал «куугунтукка учураган Кыргыз Республикасынын залкар мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз Республикасынын баатыры Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин» уулуна катары болуп жаткан саясий куугунтук катары кабыл аларын белгилеген.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх