Мамлекеттик чыккынчылык үчүн жаза өтөп жаткан Алтынбек Муралиев колониядан чыкты
Атайын комиссия октябрдын ортосунда экс-премьердин уулун жатак абакка чыгарууну чечкен
Мамлекетке чыккынчылык кылган деп соттолгон мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу атайын комиссиянын чечими менен жатак абакка которулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖАМКда маалымдашты.
Эске салсак, Алтынбек Муралиев - өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн мурдагы орун басары. Ал мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен 22 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган.
Экс-премьердин уулу 2014-жылдын ноябрь айынын башында «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу Казакстанга кирүү аракетин көрүп жаткан жеринен кармалган.
Муралиев КРнын ККнин 304 («Жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 292- («Мамлекеттик чыккынчылык») беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.
Медина Купсулдаева
Фото www