Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы мечиттер үчүн электр энергиясынын баасын төмөндөтүүнү кайра суранышууда

Депутат Кожобек Рыспаев диний мекемелердин жеке өндүрүштөрү жана туруктуу каржылоолору жок экенин эске салды

Кыргызстандагы мечит жана медреселерде электр энергиясынын баасын төмөндөтүү зарыл. Мындай пикирди кечээ Facebook социалдык тармагында Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев айтып чыкты.

Анын айтымында диний мекемелер коммерциялык уюмдарга кирбейт, бирок, ишканалардын тарифи менен төлөп келишет.

Мечиттерде эч кандай өндүрүш жок. Биздин мамлекеттин калкынын 90 пайызын мусулмандар түзөт, алар коомдун кызыкчылыгы үчүн иш алып барышат. Буга чейин бул маселе депутаттар тарабынан көтөрүлүп, төрагага жиберилген. Силер, эгерде медресе, мечиттерге электр энергиясынын баасы түшүрүлсө, андан балдар үйлөрү да ушундай эле шарттарды талап кыла башташат деп коркуп, карабай жатасыңар», - деп жазган депутат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына чындыгында эле мечит жана медреселер туруктуу каржылоого ээ болушпаганынан элект энергиясынын баасынын төмөнсообщили, что мечети и медресе дейдөтүлүшүнө муктаж экенин ырасташты.

- Комуналдык кызматтар жөнөкөй жарандардын кайыр-садагаларынын жардамы менен төлөнөт, - деп такташты алар. - Кышкы сезондо өзгөчө кыйынчылык сезебиз. Көптөгөн мечиттер арзаныраак деп көмүр жагышат. Жеке өндүрүштүн жоктугуна карабастан коммерциялык уюм катары төлөө чындыгында кыйын.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх