Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Оппозиция бар деп, президент оюндагысын чындык катары көрсөтүп жатат

«Жарандар болгону жеке саясий позициясын билдиргенден кооптонушууда»

Кыргызстанда уюшкан оппозия калган жок. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү.

- Акыркы кезде «радикалдык» оппозициянын өкүлү Алмазбек Атамбаев болчу, бирок, ал камалгандан кийин анын ордун эч ким ээлеген жок, - деди ал. - Бирок, биз мурдагы президенттин кылмыш ишине байланышы бар адамдардын көбү тергөө менен кызматташууга барганын көрдүк. Бул жарандар болгону жеке саясий позициясын билдиргенден кооптонуп жатышканын түшүндүрөт десек болот.

Өз кезегинде башка саясат таануучу Аркадий Гладилов Кыргызстан күчтүү жана активдүү жарандык сектор жана көз карандысыз уюмдарга ээ экенин белгиледи.

- Чынында жарандык сектор биздин өлкөдө абдан чоң күчкө ээ жана көз карандысыз уюмдар бир нече ийгиликтүү долборлорду ишке ашыра алышты, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Партиялык система дагы бизде кыйла өнүккөн. Болгону алар эч кандай иш алып барышпайт. Шайлоодон кийин бир дагы партия тиги же бул маселе боюнча расмий билдирүү менен чыккан жок. Саясий жашоо бүтүндөй Жогорку Кеңештин айланасында топтолгон. Бул бизде эч кандай демократиянын жоктугун айгинелейт.

Аркадий Аркадьевич Кыргызстанда салтуу оппозиянын жок экенин кошумчалады.

- Оппозиция бийликтий аракетине окшобогон өнүгүүнүн жолун сунушташы керек, - деп тактады саясат таануучу. - Оппозициячыл саясатчылардын мамлекетти өнүктүрүүнүн жеке максат жана программалары болушу керек. Эч кимде мындай жок. Андыктан, биздин өлкөдө оппозиция деле жок. Ал эми, эгерде президент оппозиция бар деп жатса, демек ал оюндагысын чындык катары көрсөтүп жатат.

Кесиптештеринин сөзүнө саясат таанучу Медет Төлөгөнөв дагы кошулуп, бирок, мамлекет башчысын баары бир колдоп өттү.

- Мага президенттин саясаты жагат, бардыгы колунан келгей экен, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Ал эми оппозиция тууралуу сөз кылсак, аны менен эмне болуп жатканын бардыгы ансыз деле билет.

Эске салсак, ЖМКнын жетекчилери менен жолугушуусу учурунда мамлекет башчыга «Биздин мамлекетте оппозиция барбы?» деген суроо узатышкан.

«Биздин өлкөдө күчтүү оппозиция бар, жарандык сектор, көз карандысыз уюмдар дагы күчтүү жана эркин. Эч кимде коркунуч сезими жок, бул жакшы», - деп жооп берген Сооронбай Жээнбеков.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх