Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубат Оторбаев: «Апрелдин» жабылышы- техникалык маселе. Буга саясатты чаптаганга аракет кылышууда

«Санарип технологиялар» ЖЧКнун башчысы Дмитрий Ложниковдун билдирүүсү боюнча үн катты

КРнын мурдагы акыйкатчысы, учурда «Санарип технологиялар» ЖЧКнун директору Кубат Оторбаев Дмитрий Ложниковдун «Апрель» телеканалынын жабылышына экс-акыйкатчынын тиешеси бар» деген билдирүүсү боюнча Vesti.kg сайтына жооп берип, бул маселенин саясат менен байланышы жоктугун айтып ишендирди. Анын айтымында бул болгону техникалык маселе.

- «Санарип технологиялар» ЖЧКна 25 канал кирет, - деп белгиледи Оторбаев. - Мен бул мекеменин аткаруучу директору болуп дайындалгам. «Апрель» телеканалынын мүлкү камакка коюлганда биз Дмитрий Ложниковдон эфирге чыга алышар-алышпасын сураганбыз. Соттун тиешелүү чечимин көрсөтүүнү өтүндүк. Мен мындай өтүнүч менен ага бир нече ирет кайрылгам. Бирок, Ложников соттун чечимин ошол бойдон көрсөткөн жок. Андан кийин мен күч түзүмдөрүнө суроо узаттым. Аскер прокуратурасы «Апрелди» эфирге чыга албайт деди. «Санарип технологиялардын» бир бөлүгү да камакта турат.

Кубат Оторбаев бул болгону техникалык маселе экенин, ал эми Дмитрий Ложников «буга саясатчы чапташтыргысы келип жатканын» билдирди.

Тактай кетсек, кечээ «Апрель» телеканалынын башчысы Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасына каналдын жабылышына КРнын мурдагы акыйкатчысы, «Санарип технологиялар» ЖЧКнун директору Кубат Оторбаевдин тиешеси бардыгын жазган. Ложниковдун айтымында Оторбаев өз алдынча ушундай чечим кабыл алган. Муну менен бирге ал «Санарип технологиялардын» башчысы бул окуяга кызматкерлери болуп жаткан окуя боюнча эч кандай маалыматы жок Аскер прокуратурасын да тартканын белгилеген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх