Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча дагы бир комиссия түзүлдү

Ага 50 коомдук уюмдун мүчөлөрү кирди. Кечээ алар Алмазбек Атамбаевдин үйүнө барып келишти

Кыргызстанда 7 жана 8-августта Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяларды иликтөө боюнча дагы бир комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган комиссиянын мүчөсү Табылды Акеров маалымдады.
Анын айтымында комиссия бир айдан ашык убакыттан бери иш алып барууда жана бул убакыт ичинде эксперттер, жактоочулар, СИЗОдо кармалгандар жана Кой-Ташта жабыркагандардан сурак алып чыккан.

- Комиссияда ар кандай коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 11 адам бар, - деди В Акеров. – Мени дагы комиссияга мүчө катары чакырышкан. Кечээ биз Кой-Таштын жашоочулары менен кезигип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө барып келет.
Элдик комиссиянын секретариаты белгисиз себептерден улам Vesti.kg сайтына жүргүзүп жаткан иштеринин чоо-жайы боюнча маалымат айтуудан баш тартышты.

- Биз комиссиянын иши жана ага кимдер мүчө экени тууралуу айтып бере албайбых, - деген жоопту уктук биз комиссиянын катчылыгынан. - Ушул жумада биз толук маалымат беребиз.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх