Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Рыскелди Момбеков Текебаев, Чотонов жана Шыкмаматовду чайга чакырды (фото)

«Эзилишип, сыр чечиштик, моокумубуз канбай калгандыктан кайра жолукмай болдук»

ЖКнын депутаты Рыскелди Момбеков кечээ жакында эле Өмүрбек Текебаевди, КРнын Корея жана Вьетнамдагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновду, кесиптеши Алмамбет Шыкмаматовду жана ырчы Айбек Каримовду үйүнө конокко чакырды. Тийиштүү сүрөттөрүн ал Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жүктөгөн.

«Өмүрбек Чиркешовичти, Дүйшөнкүл Чотоновду жана Алмамбет досумду чакырып чай бердим. Эски достор менен эзилишип сыр чечиштик, моокумубуз канбай калгандыктан кайра жолукмай болдук», - деп жазган Момбеков.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх