Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саясатчылардын тобу шайлоо босогосу төмөндөтүлбөсө Жогорку Кеңешти таркатууну демилгелеп чыгышмакчы

«Көптөгөн бай-депутаттар кезекке туруп, бийликтин жаңы партиясы качан түзүлөрүн күтүп жатышат»

Азыркы парламент эски заманга  кайтып келиш үчүн болгон аракетин кылып жатат. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына ЖКнын экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков бөлүштү.

- Парламентте азыр жалаң байлар отурат жана бийликтин жаңы партиясы пайда болгондо алар дароо ага кире калышат, анткени, көбү ага кирүүгө кезекке эчак туруп койгон, - деди ал. Мага бул жагдайда парламентте көп партия болбошу керектигин айткан Атамбаевдин сөздөрү эсиме түшөт. Анткени, дал ошол адам бакма депутаттарды каалаган. Президент алмашты, бирок, Жогорку Кеңеш баары бир эркин болгон жок. Эгерде азыр босого чекти төмөндөтпөсө, келе жаткан шайлоодо эч нерсе өзгөрбөйт жана шайлоочулардын үнүн эч ким укпайт.

Кубанычбек Сатиндиевич босого чекти төмөндөтүү менен кошо депутаттардын бир бөлүгү райондордон шайланышы керектиги жөнүндөгү жобону дагы кайтаруу зарылдыгын кошумчалады.

- Өткөн чакырылыштарда кээ бир кичинекей райондордон Жогорку Кеңешке 10 депутат өтүп, ал эми чоңдордон бирден же таптакыр жок да болуп калган, - деп эске салды ал. - Бирок, мен шайлоо мыйзамдарына өзгөрүүлөр кирерине күмөнүм чоң, анткени, бийликке мунун кереги жок. Бирок, эгерде депутаттар Жаңы жылга чейин босого чекти төмөндөтүшпөсө, анда мен жана башка саясатчылардын тобу, ошондой эле кайдыгер эмес жарандар кол топтоп, Жогорку Кеңешти таркатуу демилгеси менен чыкмакчыбыз. Депутаттар элдин көпчүлүгүнүн купулуна толгон жок.  

Тактай кетсек, депутат Сайдулла Нышанов журналисттерге берген маегинде шайлоо босогосун төмөндөтүүнүн кереги жок экенин, анткени, босого чек канчалык төмөн болсо, депутаттардын жоопкерчилиги да ошончолук аз болорун айткан 

«Мисалы, шайлоодон кийин ар бир фракциянын лидери премьер менен иш алып барат, демек жоопкерчилик эки тарапта тең болушу керек. Ал эми, бизде кабмин начар иштесе, өкмөт башчысы гана кызматынан кетип, депутаттар буга эч кандай жоопкерчилик тартышпайт».

 

Вероника Малышева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх