Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаев Жээнбековдорду жеке өзү үчүн кечирүүгө даяр экенин билдирип, бирок, эч качан балдарына асылгандары үчүн кечирбесин айтты

«Мен күнөөлүү болсом жазамды өтөйүн, бирок, күнөөсүз адамдарга тийишпеш керек»

Камактагы Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина маалымдады.

Мен, Асель Кодуранова жана Альфия Саммигулина болуп үчөөбүз жолугушууга бардык, - деп тактады эл өкүлү. Алмазбек Шаршенович кармалуу шарттарына арызданган жок, Ал баары бир мурдагы президент да, ага жакшы мамиле кылышат экен ал жерде.Жалгыз кишилик камерада отурат. Болгону кан басымы түшүп-көтөрүлүп жатыптыр. Кантсе да, абакта жатуу өзүнүкүн бербейт да. Бирок, ал мыкты формада болуш үчүн спорт менен машыгууда, - деп тактады эл өкүлү.

Ирина Юрьевна Атамбаев № 1 тергөө абагында жаткан тарапташтарына кабатыр болуп жатканын белгиледи.

Ал бизге 2010-жылы ал жерде өзү жатып чыкканын, шарттары кандай экенин жакшы билерин эске салды, - деген мурдагы президенттин сөздөрүн Карамушкина бизге билдирди. - Биздин бардык каражатыбыз камакта экенине карабастан, ал бизге тергөө алдындагылар үчүн эң мыкты юристтерди табууну өтүндү. Алмазбек Шаршенович бизге баары бир чындык жеңерине жана тарыхта ал өлкөгө эмгек сиңирген адам катары каларына ишенерин айтты. «Мен эч качан пара алган эмесмин жана балдарга дагы «Акча керек болсо казынадан албай, менден алгыла» дечүмүн», - деди ал бизге.

Карамушкина мурдагы президент болуп өткөн окуялар жөнүндө көп ойлонуп, абдан кабатыр болуп жатканын кошумчалады.

- Ал Жээнбековдорду жеке өзүнө кылгандары үчүн кечирүүгө даяр экенин, бирок, балдарына асылып жатышканы үчүн эч качан кечирбесин айтты, - деди Ирина Юрьевна. - Алмазбек Шаршенович мамлекети мыйзам талаасына кайтаруу керектигин, болбосо, эл такыр эле бийликке ишенбей каларын эске салды. «Мейли, мен отурайын, бирок, күнөөсүз адамдарга тийишпей керек», - анын сөздөрү ушундай болду.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх