Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маданият министри ырчы Урмат Усеновду эмне үчүн кеңешчи кылып дайындаганын түшүндүрдү

Азамат Жаманкулов артистке мекемеде кандай эмгек акы берилерин дагы ачыктады

Эстрада ырчысы Урмат Усенов маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бирок, азырынча дайындоо боюнча буйрукка кол коюла элек.
- Ал штатта иштейт, - деп маалымдашты Маданият министрлигинде. - Кандай эмгек маяна алары азырынча белгисиз. Бирок,  толук жумуш күнү иштемекчи.
Өз кезегинде Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Vesti.kg сайтына эмне үчүн кеңешчи катары Усеновду чакырганын түшүндүрүп берди.
- Иш билги, өз карашы бар адис катары дайындадым, - деди Жаманкулов. - Айлыгы 15 130 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Урмат Усенов ЖМК аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салыша турганын жарыялаган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх