Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылган көчөнүн аты эми «Мурас» болмой болду

Мурдагы башкы прокурордун пикиринде бул биздин өлкө үчүн таң калычтуу эмес

Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылган көчөнүн аталышы «Мурас» болуп өзгөргөнүн уккан мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Vesti.kg сайтына мындайга биздин өлкөдө таң калбай эле коюу керек экенин билдирди.

Муну менен бирге Элмурза Ракиев ИИМнин мурдагы башчысынын атын алып жүргөн көчөнүн пайда болушуна оң көз карашта болгонун белгиледи.

Тактай кетсек, интернет айдыңында Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылган Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы көчөнүн аталышы «Мурас» деп өзгөрүлгөнү тараган.

Vesti.kg Көк-Жар айыл өкмөтүнө бул боюнча кайрылып, алар маалыматты ырасташты.

 

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg «Полицейский городок» жаңы конушундагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин башкаруу маалындагы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аты берилгенин маалымдаган.

Көптөгөн кыргызстандыктар бул кабарды терс кабыл алышып, апрель революциясынын баатырларын сыйлабагандык катары баалашкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх