Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саясат таануучу: Акаев жана Масалиев популизм менен алектенип жатышат

Эксперт партиялардын лидерлеринен депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүү мүмкүндүгүн ажырата турган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жаратпайт деп толук ишенет

Кыргызстанда партиялардын лидерлеринен шайлоо маалында депутаттыкта талапкерлердин тизмесин түзүү мүмкүндүгүн ажыратуу сунушталууда. Мындай өзгөртүүлөрдү парламент мүчөлөрү Исхак Масалиев менен Жанар Акаев демилгелеп чыгышты.

Алардын пикири боюнча, преференциалдуу добуш берүү киргизүү зарыл. Башкача айтканда, эгерде мыйзам үч окуудан тең өтө турган болсо, анда шайлоочу кайсы талапкер мандатка татыктуу өзү тандайт. Шайлоо тилкелеринде эки тизме болот - парламентке ат салышып жаткан партиялардын жана ар бир саясий бирикменин ичинде депутаттыкка талапкерлердин тизмеси. Добуштардын көпчүлүк бөлүгүн алгандар Жогорку Кеңешке өтөт.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, партиялардын лидерлери тизмени өзгөртө алышпайт.

Саясат таануучу Айнура Арзыматова Vesti.kg сайтына берген маегинде сунушталып жаткан мыйзам долбоору үчүнчү окууга жетпей турганын билдирди. Анын айтымында, парламент мүчөлөрү аларга «базар уюштурууга» жолтоо болгон мындай мыйзамга добуш беришпейт.

- Партиялардын лидерлерине бул пайдасыз, анткени, алар бул системаны эчактан бери базарга айлантып, мандаттарды сатып келишет, - деди Арзыматова. - Албетте, алар буга каршы чыгышат. Мындай болсо, учурдагы бийлик салт болуп калгандай өзүнүн кишилерин алып келе албай калбайбы. Масалиев менен Акаев өтө акылдуу идеяны сунушташканын көрсөткүлөрү келип жатат. Бул популизм.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх