Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу Эркин Сопоков кызматынан алынды
Дипломатты иштен алуу себеби азырынча белгисиз
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Сопоков Эркин Мамасалиевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.
Мындай чечимге эмне себеп болгону азырынча айтылган жок.
Эске салсак, башкы консул Эркин Сопоковдун аты Стамбулда өлтүрүлгөн түрк ишкери Айэркен Саймаитинин окуясында аталган. Такталбаган маалыматтарга ылайык, кылмыш болгон жерден алыс эмес КРнын консулуна таандык номурлуу жолтандабас токтоп турган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз