Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол кыймылынын эрежелерине саатына 100 км ылдамдык менен айдоого уруксат берген өзгөртүүлөр киргизилди. Бирок, алар качан күчүнө кирет - белгисиз

ЖКККББда автоунаанын кыймылынын мындай ылдамдык чеги азырынча кагаз жүзүндө гана каларын, анткени, өлкөдө буга ылайыктуу жолдор жок экенин белгилешти

Кыргызстанда Жол кыймылынын эрежелеринин 10.3-беренесине өзгөртүүлөр киргизилип, эми аларга ылайык, тийиштүү белгинин орнотулушу менен саатына 110 км ылдамдык менен жүрүүгө жол берилет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМнин ЖКККББнын басма сөз кызматынын кызматкери Тилек Оторов билдирди.

- Бирок, мындай ылдамдыкты алуу үчүн өзгөчө шарттар болушу керек, азырынча кайсы жолдордо буга уруксат берилет чечиле элек, - деп белгиледи ал. - Биздин өлкөдө автоунааларга мындай ылдамдык менен айдоого уруксат берүүгө мүмкүн болгон трассалар жок. Жол жок дегенде 4 тилкелүү, бетон бөлгүчтөр жана сигнал берчү мамычалар менен болушу шарт. Мындан сырткары, трассанын максималдуу ылдамдык жол берилген бөлүгү конуш жайлар менен кесилишпеши керек.

Оторов кайсы жолдордо бул эрежелер иштей турганын мекеме аралык комиссия чече турганын кошумчалады.
- Болжолдуу түрдө, комиссия 2020-жылы түзүлөт, - деди ал. - Балким, мындай ылдамдыкка Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун айрым тилкелеринде уруксат берилет.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх