Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ширин Айтматова: Саймаитини өлтүрүүгө эң көп кызыкчылык кимде болгон?

Ал Сауд Аравиясынын консулдугунда киши колдуу болгон журналист Джамал Хашоггинин өлүмү боюнча кылмыш ишинин ыкчам бети ачылганын эске салды

Мурдагы депутат жана жарандык активист Ширин Айтматова түрк атайын кызматтарын ишкер Айеркен Саймаитини өлтүргөндөрдү таап, аны өлтүрүүгө буюртма бергендердин аттарын ачыктоого чакырды.

Түрк элине видео кайрылуу анын «Үмүт-2020» кыймылынын социалдык тармактардагы баракчасында пайда болгон.

«Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө эң көп кызыкчылык кимде болгон?– деп суроо салган Айтматова. - Айеркен Саймаити ээ болгон кандай маалыматтын ачыкка чыгышынан ким корккон? Өлтүрүүгө КРнын Стамбулдагы башкы консулунун автоунаасынын кандай тиешеси бар?»

Экс-депутат Түркия бүткүл дүйнө жүзүндөгү түрк элдеринин камкорчусу катары белгилүү экенин, он миңдеген адамдар бул жерде куугунтук менен кысымдан коргоо издеп келишерин белгилеген.

Ишкер, анын айтымында алардын арасында болгон жана өз өмүрү үчүн чынында кооптонуп келген.

«Кафеде чай ичип отурган жеринен атып кетишти, - деп баш чайкаган Айтматова. - Эмнеге Түркиядан коргоо издеген уйгур улутундагы адам, ал жерден өлтүрүлдү? Бул кылмыштан кийин бардык боордош түрк элдери өздөрүн коопсуз сезе алышабы?»

Активист Стамбулдагы Сауд Аравиясынын консулдугунда өлтүрүлгөн журналист Джамал Хашогги боюнча кылмыш ишинин бетин ачууда түрк атайын кызматтары өтө жогорку кесипкөйлүктү көрсөтө алышкан.

«Биз Түркиянын атайын кызматтарын дагы бир ирет жогорку деңгээлдеги профессионалдуулуктарын көрсөтөт деп ишенип, уйгур Айеркен Саймаитинин өлүмүнө тиешеси барлардын бардыгын кармап, калыс иликтөө жүргүзүүгө чакырабыз», - деп кайрылган Ширин Айтматова.

Белгилей кетсек, түрк полициясы бүгүн ишкерди өлтүрүүгө шектелген үч жаранды Түркиянын Адана шаарында кармоого жетишкен. Кыргызстандык Абдулла Энвер жана Хусеин Ахметалиев, ошондой эле сириялык Али Исбе өлкөдөн учуп кетүүгө аракет кылышкан.

Эске салсак, 2019-жылдын 10-ноябрында Айеркен Саймаитини Стамбулдун Фатих аймагындагы кафелердин биринен атып кетишкен. Алыс эмес жерде Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун автоунаасы табылган. Кандайча - Сопоков түшүндүрүп бере алган эмес. Бүгүн Сопоков кызматынан алынган.

Айеркен Саймаитинин аты Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндөгү иликтөөдө аталган. Анда Баткендеги кыргыз-кытай базарына ээлик кылган «Абдыраз» фирмасы аркылуу Кыргызстандан 700 млн доллар жана алтындын чыгарылып кеткенин тастыктаган документтер жөнүндө айтылган..

Айеркин Саймаити атуу жиберүүчүлөрдүн бири кийинчерээк Түркиядан Матраимовдордун «Исмаил Ата» фондунун эсебине 2 млн 338 миң 700 доллар которгон имиш.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх