Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Элдин баарына эчактан бери белгилүү болгон позициясын Атамбаев кайра эмнеге айтып чыкты - түшүнүксүз

Экс-президент мурдагыдай эле айрым достору менен күч түзүмдөрүнө ашыкча ишеним артканына өкүнөт

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова жана КСДПнын башка мүчөлөрүнүн дарегине тагылган күнөөлөр суу кечпейт. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн расмий сайты аркылуу кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, бийлик анын тарапташтарынын оозун жаап,  коркутуп алганга аракет кылып жатышат.

«Бүгүнкү күндө жөнөкөй жарандар бийликтин өкүмзордугу астында коргоосуз калышканы ого бетер ичти ачыштырат. Бийлик бутактары менен өлкөнүн жогорку жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырууга аракет кылабыз деп бардыгын «баштан-аяк» оодарышууда. Ооздорун жабууга аргасыз кылып, коркутуп-үркүтүп алуу максатында оппозициячыл депутаттар Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкинаны үй камагына алуу чечими чыгарылган. Кармалгандардын дарегине тагылган күнөөлөр негизсиз деп так кесе айта алам жана жогоруда айтылган адамдардын алар шектелип жаткан жагдайларга эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, УКМКнын атайын бөлүгүнүн жоокерлерин дал ошолор сактап калышкан. Мына ошол адамдар бийликтин бетпактыгына кыжыры кайнаган элди тынчтандырып, кармап турушкан»,- деп айтылган экс-президенттин кайрылуусунда

Атамбаев мурдагыдай эле бийликтин бардык «мыйзамсыз аракеттеринин» артында президент Сооронбай Жээнбеков жеке өзү турат деп эсептейт. Атамбаевдин пикиринде анын партиялаштары токтоосуз бошотулушу керек.

«Катачылыктар да болгон, мен аларды ачык мойнума алып, Кыргызстандын элинен кечирим сурадым. Мен айрым досторума, жардамчыларыма жана күч түзүмдөрүнө ашыкча ишенген экем. Бирок, мен Кыргызстандын элининин жыргалчылыгы, өлкөбүз жана эл үчүн таза иштедим»,- деп жазган ал.

Ал ортодо көз карандысыз эксперт Аида Алымбаева Vesti.kg сайтына берген маегинде, Атамбаев кандай максатта өз позициясын дагы бир ирет билдирип чыкканын түшүнбөгөнүн айтты. Бирок, ал мурдагы президенттин айрым сөздөрүнө кошулат.

- Карамушкина менен Кодуранова бийликтин кысымынын айынан үй камагында отурушканына жана мунун баары президенттин көрсөтмөсү менен болуп жатат деген Атамбаевдин пикирине кошулам, - деп белгиледи Алымбаева. - Бирок, мен, өз позициясын дагы бир ирет кайталап жарыялоонун максатын түшүнгөн жокмун, элдер муну ансыз деле билет да. Көптөгөн иштер жасалмаланган. Өз кайрылуусу менен эмнени айтайын дегенин билбейм.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх