Аскар Акаевге Кытайдан кызмат сунушташты (фото)
Кыргызстандан качып кеткен экс-президент Шанхайда өткөн академиктер форумунда катышты
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди Кытай Эл Республикасынын Илимдер Академиясына караштуу Физика жана космос технологиялар институтуна иштөөгө чакырышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына запастагы генерал-полковник, КРнын Улуттук гвардиясынын биринчи командачысы Абдыгул Чотбаев билдирди.
Анын айтымында Акаев азыр Шанхайда өтүп жаткан академиктер форумуна катышууда.
- Мен аны менен байланышып турам, 16-ноябрда ал форумдагы сүрөттөрүн жөнөткөн, - деди Чотбаев. - Ошондой эле ал ага бир нече сунуш түшкөнүн айтты. Бирөөсү - КЭРнын Илимдер Академиясынын Физика жана космос технологиялары институтунда иштөө экен.
Абдыгул Чотбаев Аскар Акаевич зырынча кытай тараптын чакыруусун кабыл алабы-жокпу, азырынча ойлонуп жатканын кошумчалады.
Фото www