Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дарыгер: Мурат Суталинов баспай калды

УКМКнын мурдагы башчысында алган дарыларынан терс таасирлер байкалууда

Айыккыс илдетке чалдыккан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталинов баса албай калды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аны дарылап жаткан врач, Улуттук онкология борборунун бөлүм башчысы Турусбек Абдылдаев билдирди.

- Ал кароодон өтүүдө, - деп маалымдады дарыгер. - Алган дарысынан олуттуу терс таасир болуп, андан улам ал баспай калды. Азыр ал башка дары алууда. Азырынча толук кандуу дарылануу алган жок.

Эске салсак, УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов үстүбүздөгү жылдын 7-майында Бишкек шаардык соттун чечими менен эркиндикке чыккан. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга байланышкан иш боюнча 20 жылга эркинен ажыратылган эл.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх