Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таштагы окуялар боюнча мамкомиссиянын мүчөсү: 100 пайыз калыс иш жүргүзүлдү деп айтууга болбойт

Жаркынбек Касымбеков кесиптештери Атамбаев менен Ниязовду угуудан лбаш тартып, ошондой эле жабыркаган жай тургундар жөнүндө дээрлик эске алышаганына нааразы

7-8-августта Кой-Ташта болуп өткөн окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссия өз ишин калыс алып барган жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган комиссиянын мүчөсү, Бишкектин тез жардам станциясынын мурдагы башкы дарыгери  Жаркынбек Касымбеков маалымдады.

Буга чейин ал Vesti.kg сайтына комиссиянын корутундусуна кол коюга макул болбой, бирок, кийинчерээк, документте акыркы кол койгонун билдирген эле.

Мен корутундуга кол койгону менен өз позициямды өзгөрткөн эмесмин, - деп белгиледи ал. - Документке укук коргоо органдарынынын жетекчилеринин жоопкерчиликтери тууралуу толуктоолор киргизилген. Бирок, мен мурдагыдай эле иш толук кандуу калыс жүргүзүлгөн жок деп эсептейм. Биз мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзгөн жокпуз. Бизге ачык кайрылганына карабастан Фарид Ниязовдун дагы пикирин укпадык. Мен бул тууралуу жыйындардын биринде айткам, бирок, комиссиянын башка мүчөлөрүнөн колдоо тапкан жокмун.

Касымбеков комиссия Кой-Ташта жабыркаган жай тургундар жөнүндө маселени дээрлик карабаганын кошумчалады.

- Комиссиянын корутундусунда Кой-Ташта жана ага жакын аймактарда жашаган жабырланган жай тургундар жөнүндө дээрлик сөз кылынган жок, андыктан, мен өз позициямды өзгөрткөн жокмун, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Эске салсак, буга чейин Конституциялык палатаные мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мамкомиссиянын корутундусуна каршы добуш бергени маалымдалган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх