Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда паспортторду кайрадан ИИМ бере баштаса, биз алдыга эмей эле, артка кадам таштайбыз»

 Экс-премьер укук коргоочунун пикирине кошулбайт жана өздүктү аныктоочу күбөлүктөрдүн берилишин милиция жакшыраак көзөмөлдөй аларына толук ишенет

Эгерде өкмөт паспортторду берүү функциясын ИИМге өткөрүп берсе, анда Кыргызстан артка кадам таштайт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына укук коргоочу Рита Карасартова бөлүштү.

- Өз маалында паспортторду берүү вазийпасын Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп берүү чечими эң туура болгон, - деп белгиледи ал. - Убакыт өткөн соң биз бул кызмат санариптештирүү тармагында эң жаңычылдардын бири экенине күбө болуудабыз. МКК өз ишин мыкты алып барууда. Болгону аларда калкты тейлөө борборлорунда кадрларды бөлүштүрүүдө көйгөлөр болуп калат - айрым жерлерде кызматкерлер көп, ал эми кээ бир бөлүмдөрдө алар жетишпейт.

Рита Рахмановна паспортторду ИИМге өткөрүп берүү мыйзамсыз документтерге байланышкан көйгөйлөрдү чечпесин белгиледи.

- Биздин мамлекетте мыйзамсыз паспорт алуу мүмкүн экени документтерди кайсы мекеме бергенинен көз каранды эмес, - деген пикирде ал. - Сөз жөнөкөй кызматкерлерде эмес, жогорку кызмат орундарда отургандарда экени айтпаса да түшүнүктүү да эми. Бул көйгөйдү чечүү үчүн бир мекеменин функцияларын экинчиге өткөрүү эмес, коррупциялык схемаларды таап, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу зарыл.

Өз кезегинде экс-премьер-министр Феликс Кулов Vesti.kg сайтына берген маегинде ал өзү дагы депутат кезинде паспортторду берүүнү Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүнү сунуштаганын белгиледи.

- Мен бул идеяны мурда эле айтып чыккам, анда мени ИИМнин ошол кездеги башчысы Мелис Турганбаев колдоого алган, - деп эске салды ал. - Паспортторду укук коргоо органдары берип жүргөн маалда бардыгы көзөмөл алдында болчу. Азыр болсо МКК эч ким текшербейт.

Феликс Шаршенбаевичтин айтымында ИИМ паспортторду берген маалда мыйзамсыз документтерди берүү фактылары азыркыга караганда алда канча аз болчу.

- Ооба, кимдир-бирөөлөр жасалма өздүктү аныктоочу документтерди колдонгону айтылып калчу, бирок, бул ал маалда документтерди коргоонун начар деңгээлинен болсо керек, - деп тактады ал. - Канткен менен, ал убакытта бардык бланкалар катуу көзөмөл алдында эле.

Тактай кетсек, «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын жыйынында вице-премьер Жениш Разаков паспортторду берүү функциясын ИИМге өткөрүп берүү керектигин белгилеген.

«Өз маалында бул ыйгарым укуктарды каттоо мекемесине берүү чечими чыгарылган, бирок, азыр бул функцияны ИИМге кайтарып берүү маалы келди», -деген Разаков.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх