Саясат таануучу: Садыр Жапаровдун кайрылуусу Сооронбай Жээнбековго таасир этиши керек
Абактагы саясатчынын жактоочусу, Жапаров президенттен ырайым сураганы менен күнөөсүн мойнуна албаганын баса белгиледи
Соттолгон экс-депутат Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов маалымдады.
Юристтин айтымында, Жээнбековго кайрылууга ага үй-бүлөсүндөгү оор абал себеп болду. Саясатчы жакында эле ата-энеси жана уулунан айрылган.
- Ырайым катта ал ага коюлган күнөөлөрдү мойнуна алган жок,- деп белгиледи Токтосунов. - Анын атасы, апасы жана уулу кайтыш болду. Үй-бүлөсү абдан кыйын абалда турат, андыктан ал аны бошотууну суранган.
Ал ортодо саясат таануучу Марат Казакпаев Vesti.kg сайтына берген маегинде Жапаровдун кайрылуусу Жээнбековго таасир этиши керектигине ишенерин билдирди.
- Менимче, Жапаровдун кайрылуусун Жээнбеков канааттандырат, - деди эксперт. - Ал көп убакыттан бери президентке кайрылгандан баш тартып жаткан, азыр болсо үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам ырайым сурап кайрылды. Жээнбеков буга көңүл бөлүшү керек.
Мындан сырткары, Казакпаевдин пикиринде Чүй облустук соту саясатчынын ишин кайра карап чыгууга тийиш.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдогу митингдерди уюштуруу жана Ысык-Көл облусунун ошол маалдагы башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал 11,5 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу чечими чыгарылган.
Кийинчерээк Жогорку сот жактоочу Жапаровдун арызын жарым-жартылай канаттандырып, жаза өтөө мөөнөтүн жаңы кодекстердин киргенине байланыштуу бир жарым жылга кыскарткан.
Эльдос Казыбеков
Фото www