Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Зулпукаров: Сопоковдун уулу менин жардамчым болчу, атасынын чырынан кийин арыз жазып, кызматынан кеткен

Парламент мүчөсү Стамбулдагы экс-консулду тааныбайм деп актануу жигитчиликке жатпасын белгиледи

Стамбулдагы мурдагы консул Эркин Сопоковдун уулу депутат Төрөбай Зулпукаровдун жардамчылысы кызматынан өз ыктыяры менен кетти. Бул тууралуу парламент мүчөсү Racurs.kg маалыматтык агенттигине билдирди.
Зулпукаров Сопоковдун уулу Азамат чындыгында эле анын жардамчысы болуп иштегенин ырастаган.

- Атасынын окуясынан кийин ал өз ыктыяры менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазыптыр. - Буга чейин ал КСДП фракциясынын катчылыгында эмгектенген.
Мындан сырткары, Зулпукаров Эркин Сопоков менен жеке тааныштыгы бар экенинен да танган жок.

- Ал белгилүү акын, маркум Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы, - деди Төрөбай Закирович. - Өз маалында биз чогуу Жогорку Кеңештин депутаты болуп, тыгыз иштешкенбиз. Үй-бүлөсүн тааныйм. Сопоковдун башына мындай иш түшкөндө аны тааныбайм деп тануу жигитчиликке жатпай калмак, менимче.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Стамбулдагы мурдагы консул Эркинбек Сопоковдун уулу ЖКнын депутаты Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы болуп иштээри жөнүндө маалымат пайда болгон.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх