Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакир Таиров айрым жетекчилердин чабал иштеринин айынан ЭКККМКнын кызматкерлери ыплас иштерге аралашып жатканын айтып чыкты

«Финполдун» башчысы «ак бизнеске» кысым көрсөткөн кызматкерлерин катуу жазалоону убадалады

Бүгүн ар апталык кеңешменин жүрүшүндө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров «Финполициянын» структуралык жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине кичи жана орто бизнестин өнүгүшүнө бут тосуп жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктап, тыюу салуу жаатында иштерди күчөтүүнү буюрду. Бул тууралуу ЭКККМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Таиров туруктуу негизде эскертүүчү көзөмөл жана ыйгарым укуктуу текшерүүчү түзүмдөр менен маалыматтык өз ара иш-аракеттешүүнү камсыздоо менен ишкердик ишмердүүлүк субъектилеринин мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана уктарын коргоо жаатына туруктуу мониторинг жүргүзүп туруу тапшырмасын берген.

ЭКККМКнын кызматкерлери бизнес иштерине текшерүүчү органдардын негизсиз кийлигишүүлөрүн алдын алып, ошондой эле жазалоочу органдын эмес, өнөктөштүк функцияны аткарып, бизнестин өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзүүгө тийиш.

Мамлекеттик кызматкерлер менен ишкерлердин ортосунда коммуникациянын жаңы маданиятын түзүү зарыл. Коррупциондук жүйө менен ишкерлерге кысым көрсөтүп, бизнеске бут тоскон жооптуу кызматкерлер катуу жазаланышы керек. Бизнес өкүлдөрүнө карата көрсөтүлгөн кысым жана куугунтуктоо фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин тыкыр жүргүзүү зарыл. Анын ичинде фискалдык жана укук коргоо органдары тарабынан аныкталган мындай фактылар болбошу керек, бул шексиз. Мындай мыйзам бузуулар мыйзамдуулукка, акыйкаттуулукка жана экономикалык ишмердүүлүктүн эркиндигине болгон ишенимди жок кылат.

Мындан сырткары, Таиров айрым жетекчилер тарабынан маселени өзгөртүп, жакшыртуу боюнча тийиштүү реакция жок экендигин белгиледи. Бөлүмдөр ичинде иштөө процесстери жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөнбөй, бул ЭКККМКнын кызматкерлеринин ыплас иштерге аралашкан кооптуу кырдаалдарга алып келип, мындан бүтүндөй кызмат жапа чегүүдө.

«Эгерде мага «ак бизнестин» өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө биздин кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз аракеттер же кандайдыр-бир кийлигишүү болуп жатканы жөнүндө маалымат жете турган болсо, мен аларга эң катуу чараларды көрөм», - деп эскертти Таиров.

Кеңешменин акырында ЭКККМКнын жетекчилиги мамлекеттин экономикалык коопсуздук деңгээлин көтөрүү, ак ниет бизнестин ишенимдүү корголушун камсыздоо боюнча иштердин максималдуу натыйжалуулугуна жетишүүгө буюрд.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх