Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кадыров: Атамбаев төрт саясатчынын «көзүн тазалаш» үчүн киллер табууну суранган

Мурдагы президенттин кеңешчиси бул маалыматты четке кагып, бул билдирүүнү жомок деп атады

Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыровду төрт көрүнүктүү саясатчынын көзүн тазалаш үчүн киллер жалдоосун сураган. Бул тууралуу Кадыров өзү «Mezgilnews» сайтына берген маегинде билдирди.

Ал кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнө мурдагы президенттин катышы болушу мүмкүндүгүн да айткан.

«Ошондой эле бүгүн Турцияда ѳлтүрүлгѳн Саймаитинин ѳлүмү да коомчулукту катуу дүрбѳлѳңгѳ салууда. Балким бул жерде да Атамбаевдин катышы болуп жүрбѳсүн деген менде суроо жаралды. Анткени, анын ѳлүмү миллиондордун изин жашырып жатпайбы? Мисалы, Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн. доллардын белгисиз калуусу кимге керек? Атамбаевден башка бул ишке ким кызыкдар?

Менин мындай шектенүүлѳрүмѳ негиз бар. Анткени, Алмазбек Атамбаев мага: «Кубан, киллер таппайсыңбы. Менде жетишерлик акча бар. Тѳрт саясатчынын кѳзүн тазалап коюш керек болуп жатат» деген. Атамбаев киллер жалдап, ѳмүрүн алгысы келген тѳрт саясатчынын бири Кочкордун мурунку акими Курманбек Байтереков болчу», - деген Кадыров.

Кадырбеков ал маалда Жогорку Кеңештин депутаттык креслосун ээлеп турганын тактап өткөн.

«Эгерде Атамбаев буларды калп десе мен полиграфтан да ѳтүп берүүгѳ даярмын. Атамбаев бийлик үчүн, ѳзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн баарына даяр. Ал коомчулукка белгилүү адамдарды же саясатчыларды ѳлтүрүп туруп бийликке шылтап, мамлекетке тополоң салгандан кайра артка тартпайт. Мен бул нерсени эмне үчүн бүгүн айтып жатам, анткени азыр баарыбыз үчүн мамлекеттин бүтүндүгү, элдин тынчтыгы керек. Бийлик кумарынан чыга албаган бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн жалпы карапайым калк жабыр тартпашы керек», - деп сөзүн жыйынтыктаган Кубанычбек Кадыров.

Vesti.kg комментарий алуу үчүн мурадгы президенттин кеңешчиси, КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаевага кайрылып, ал Кубанычбек Кадыровдун айткандарын четке какты.

- Кубанычбек Кадыровду тааныган адам катары ал мунун бардыгын оюнан чыгарып коюшу мүмкүн деп айта алам, - деди ал. - Өзгөчө, Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү Алмазбек Атамбаев мындай сөздөрдү айтмак эмес. Менимче, бул Кадыровдун жомоктору. Мурдагы президентке анын жеке таарынычы бар да.

Эске салсак, Кубанычбек Кадыров саясатчылар - Бектур Асанов жана Эрнест Карыбеков менен чогуу 2016-жылдын мартында кармалган. Алар бийликти күч менен басып алууга даярданышкан деп айыпталышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында Асанов менен Кадыров шарттуу түрдө мөөнүтүнөн эрте бошотулушкан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх