Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбеков: УКМКнын ичиндеги кырдаал - олуттуу көйгөй

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин отставкасын талап кылган петиция түзүлдү

Экс-депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ичинде түзүлгөн кырдаал учурда абдан олуттуу көйгөй болуп саналат.

- Мен жарандык активисттерди колдойм жана Кыргызстанда коопсуздук секторун УКМК эле эмес, бүтүндөй күч түзүмдөрү түзөөрүнө кошулам, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Адамдардын укуктарын коргоп, алардын коопсуздугун камсыздагандын ордуна укук коргоо органдары, тескерисинче, өлкөбүздүн жарандары үчүн коркунучка айланышты. Ал жерде системалуу реформа жок. Бардыгы мурдагыдай калыпта калууда. Андыктан, бул күч түзүмдөрү өзгөрүүгө муктаж.

Муну менен бирге Жээнбеков, эгерде УКМКнын имаратынын ичинде жоголгон далил буюмдар жөнүндө маалымат чын болсо, бул абдан чоң көйгөй тууралуу кабар берерин белгиледи.

- Мен ЖМКдан маалымат алып жатам, - деп сөзүн улады мурдагы парламент мүчөсү. - Эгерде, чындыгында эле далил буюмдар жоголгон болсо, анда өзүнүн ичинде мындай иштер болуп жаткан атайын мекеме кантип коррупция менен күрөшө алат? Кантип алар мамлекетте коопсуздукту, мыйзамдуулукту сактай алышат? УКМКнын ичинде болуп жаткандар - өтө олуттуу көйгөй.

Тактай кетсек, укук коргоочу Рита Карасартова Cnange.org сайтында Жогорку Кеңешке даректелген петиция түзгөн. Ал парламенттен УКМКда жоголгон далил буюмдар боюнча териштирүүнү көзөмөлгө алууну сураган. Мындан сырткары, укук коргоочу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги отставкага кетиши керектигин дагы белгилеген.

Карасартованын пикиринде атайын кызматтар өздөрү мамлекеттин коопсуздугу жана ар бир жаран үчүн коркунучка айланышты.

«Органдарды азыркы абалында реформалоо пайдасыз жана натыйжасыз болорун моюнга алуу зарыл. Жарандар менен бардык прогрессивдүү саясий күчтөр тез арада эң башкы маселе - коопсуздук абалын талкуулоо үчүн биригиши керек», - деп жазган укук коргоочу.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх