Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министринин орун басары менен Туризм департаментинин мурдагы башчысы кайым айтышып кетти

Аткаминер Максат Чакиевди шайлоо алдында добуш топтоого аракет кылууда деп шектенди

Кыргызстанга Айыл чарба министрлигинин кереги жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча коомдук угуунун жүрүшүндө Туризм департаментинин мурдагы башчысы Максат Чакиев билдирди.

Анын пикиринде министерство 5 миң адам үчүн эмгек биржасына айланды.

- Эгерде, биз аны департаментке өзгөртүп, калган функцияларын Экономика министрлигине өткөрүп берсек, көбүрөөк пайда алып келмек, - деди Чакиев.

Мындан сырткары, ал Айыл чарба министрлиги менен Туризм департаменинин ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулугун салыштырып өткөн.

- Туризм департаментинде 10 кызматкер иштейт, бирок, алар Айыл чарба министрлигине караганда кандай ийгиликтерге жетишип жатышат, карагылачы! - деген ал. Ал эми эки мекеменин чыгымдарын салыштырып болбойт.

Өз кезегинде айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев бул сын боюнча үн катып, «Ордо» партиясынын мүчөсү Чакиев жөн гана шайлоо алдында добуш топтоого аракет кылып жатканын айткан.

-Сиз Айыл чарба министрлигинде иштеген эмессиз, - деген ачууланган Керималиев. - Министрликти сындап, өзүңүзгө балл топтоп жаткандай эле сезилип жатат.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх