Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Финполдун» мурдагы башчысы ЭКККМКнын кызматкерлери бизнеске жолтоо болушканын токтотушарына ишенбейт

Эркин Бөлөкбаев көйгөй бул мекемеде эле эмес, мамлекеттик башкарунун системасынын өзүндө деген пикирде

ЭКККМКнын төрагасы Бакир Таировдун «Ак ниет бизнестин иштерине кийлигише турган кызматкерлерге катуу чара көрөм» деген убадасы жөн кезектеги бир маалымат үчүн айтылган куру сөз, буга ишенүүнүн да кереги жок. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Каржы полициясынын мурдагы башчысы Эркин Бөлөкбаев билдирди.

- Финполиция бизнеске кийлигишпейт деген сөздөр тынбай эле айтылып келет, бирок, бардыгы, бул чындыкка дал келберин билет, - деп кейиди ал. - Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюна мамлекеттик кызматы баары бир бизнести кысымга ала берет. Мунун себептери көп, анын бири - мамлекеттик башкаруу системасынын чабалдыгы. А бул жерде сөз соттордун, ошондой эле УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын иши жөнүндө да болуп жатпайбы. Аткаминерлердин пара алгандыгы тууралуу маалымат тынымсыз пайда болууда.

Муну менен бирге Эркин Касымович бизнес өкүлдөрү түзңлгөн кырдаалга өздөрү да күнөөлүү экенин кошумчалады.

- Көптөгөн бизнесмендер салык төлөшпөйт, ошон үчүн бизде салыктарды толугу менен чогулта алышпайт, - деди ал. - Андан кийин албетте, алар Финполициянын кызматкерлерине туш болушат. Мына ушу бүтүндө мамлекеттик башкаруунун көйгөйү. Мындай көрүнүштөр Акаевдин маалында эле башталган, учурдагы президент абалды өзгөртө алабы-жокпу белгисиз.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg ЭКККМКнын башчысы Бакир Таировдун ««Эгерде мага «ак бизнестин» өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө биздин кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз аракеттер же кандайдыр-бир кийлигишүү болуп жатканы жөнүндө маалымат жете турган болсо, мен аларга эң катуу чараларды көрөм» деген сөзүн жарыялаган эле.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх