Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Майыптыгы бар жарандардын укуктарын коргоочу: Президенттик аппарат биз менен жолугушууну улам сайын жылдырууда. Бул бушайман кылбай койбойт

Толкунбек Исаков аны Досалы Эсеналиев менен Сооронбай Жээнбеков өзү кабыл алаарын убада кылышканын айтат. Бирок, алардын бирисине дагы ал дагы эле кире алган жок

Президенттик аппараттын кызматкерлери 15-ноябрдан бери «Майыптыгы бар жарандарды коргоо комитети» Коомдук фондунун директору Толкунбек Исаков менен жолугушууну жылдырып жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Исаков өзү билдирди.

Анын айтымында ага жолугушуу эмне себептен кечиктирилип жатканын жана президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев аны качан кабыл алаарын айтпай жатышат.

- Өткөн жумага белгиленген жолугушуу болбой калды, - деп кейиди Исаков. - Бешинчи күндөн бери аны улам жылдырып жатышат. Эмнеге экени бизге белгисиз. Мындай туруксуздук бушайман кылбай койбойт.

Укук коргоочу өлкө башчысынын аппаратынын кызматкерлери аларды алдап коюшат деп кооптонот.

- Албетте, мындай кылуу жакшы эмес, - деди Исаков. Жумуштары көп болуп, колдору бизге жетпей жатканына ишенгиң келет деңизчи. Биз өзүбүздү ушинтип алдап жатабыз. Майыптыгы бар жарандардын коомчулугу күтүп жатат. Алар телефон чалып, Досалы Эсеналиев менен качан кезигеримди сурап жатышат.

Эске салсак, 14-ноябрда «Майыптыгы бар жарандарды коргоо комитети» КФнун директору Толкунбек Исаков пресс-конференция өткөрүп, анда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, бийлик Кыргызстанда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жоктой түр көрсөтүп жатышканын айтып чыккан. Андан кийин ал Vesti.kg сайтына аны президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев менен жолугушууга чакырышканын билдирген.

Мындан сырткары, мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева буга чейин Сооронбай Жээнбеков жакынкы арада Толкунбек Исаковду кабыл аларын маалымдап, бирок, кайсы күнү экенин тактаган эмес.

Бүгүнкү күндө республикада 180 миң майыптыгы бар адамдар күн кечирүүдө, алардын 30 миңи - жаш балдар.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх