Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

Казакстанда аткезчилик кылган делип камалган мурдагы эл өкүлү убактылуу Бишкектин №1 тергөө абагына киргизилди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

- Кыргызстандын жаза өтөө мекемелерине которуу Жогорку сот кылмыш ишин карап чыккандан кийин мүмкүн болот, - деп жооп беришти мекемеде. - Азырынча ал СИЗО-1де кармалат.

Эске салсак, биринчи инстанциянын чечими менен Дамирбек Асылбек уулу 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ал 2018-жылдын февраль айында Казакстанда аткезчиликке шектелип камакка алынган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх