Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Жумабеков жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жогорку билимге ээ эмес жарандар деле келсе болорун айтты

ЖКнын төрагасы жогорку окуу жайларда окубаган айыл жашоочуларынын укугун бузуу туура эмес деп эсептейт

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жогорку билимге ээ эмес жарандар деле келсе болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумаеков «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамды талкуулоонун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жогорку билимге ээ жарандардын бардыгы шаарларда жашап, эмгектенишет.

- Сиздердин мыйзам долбоорунда айылдык кеңештердин депутаттары жогорку билимге ээ болушу керек деген эреже бар экен, - деди ал. - Мен буга каршымын. Бул кыйын болуп калат, анткени, дипломго ээ адамдар шаарга иштегени кетишет. Аймактарда жаш активисттер, фермерлер жана башка жигердүү адамдар көп, биз бул жобону кабыл алуу менен алардын укуктарын бузуп калабыз.

Мыйзам долбоору боюнча доклад берип жаткан депутат Акылбек Жапаров төраганын сунушун карап чыгарын айтты.

- Статистикага ылайык, аймактарда жогорку билимге ээ адамдар абдан көп, бирок, укуктардын бузуларына кошулам. Биз бул маселени карап чыгабыз, - деп жооп берген парламент мүчөсү.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх