Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда мыйзамдардын коомдук талкуусу көбүнчө формалдуу түрдө эле өтөт»

Жанар Акаев мыйзам долбоорлору боюнча угуулардын тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Кыргызстанда мыйзам долбоорлорунун коомдук талкуулары көбүнчө формалдуу түрдө эле жүрүп, документтерди мекемелердин сайттарына жүктөп коюу менен эле аяктайт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына КСДПнын мүчөсү, активист Адиль Турдукулов бөлүштү.

Тактай кетсек, депутат Жанар Акаев «Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Маалымкат-негиздемеде эл өкүлү мыйзамдын коомдук талкууларды өткөрүү боюнча жоболору натыйжалуу эмес, алар НУАдын толук кандуу коомдук талкууларын ишке ашырууну камсыздабарын белгилеген.

Бул жагдайды оңдоо үчүн Акаев төмөндөгү эрежелерди кошууга чакырат:

1) Ченем жаратуучу органдар тарабынан жарандар менен уюмдардын сунуш жана пикирлерин "Мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларын каралуу тартиби жөнүндө" мыйзамына ылайык кароосу;

2) Нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорун ченем жаратуучу органдын расмий сайты же учурда Юстиция министрлиги тарабынан түзүлүп жаткан НУАды коомдук талкуулоо максатында атайын түзүлгөн атайын мамлекеттик портал аркылуу талкууга алуу;

3) Нормативдик-укуктук актылардын долбоорлору боюнча коомдук угууларды өткөрүү (тегерек үстөл, чогулуш, конференция жана башка долбоорлорунун демилгечилери, кызыкдар жарандар, жарандык коомдун уюмдары, эл аралык уюмдардын, башка мамлекеттик органдар, жана массалык маалымат каражаттарынын катышуусундагы иш-чаралар).

Муну менен бирге Жанар Акаев жарандарга мыйзам долбоору жайгашкан сайттын алдында тигил же бул мыйзам боюнча пикир калтыруу мүмкүндүгүн берүү керек деген пикирде.

- Биз санариптештирүүгө жана бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын электрондук түрдө алууга мүмкүн болгон кызматтарын кеңейтүүгө умтулушубуз керек, - деди Турдукулов. - Буга чейин депутат Аида Касымалиева да жарандар электрондук петицияларга кол коюу менен өз демилгелерин парламентке киргизе алуулары жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштаган. Бул өтө маанилүү сунуштар, анткени, ушундай жол менен жарандар мыйзамдардын кабыл алынышына катыша алышмак.

Бирок, саясатчы жарандардын сунушун парламент караш үчүн 30 миң кол топтоо керек экенин белгилеп, бул көрсөткүчтү азайтуу керектигин айтты.

- 30 миң кол топтоону миңге чейин түшүрсө болот, - деди ал. - Көз карандысыздык алгандан бери тарыхта бир дагы жолу эл кандайдыр-бир маанилүү мыйзамдын кабыл алынышына катыша алган мисал болгон эмес. Коомдук талкуулардын механизмин ойлоп чыгуу зарыл, анткени, биз мындай жол менен мыйзамдар боюнча өз сындарыбызды жаза алабыз. Бирок, аларды колдонуп же колдонбоону ким чечет? Азыр коомдук угууларды өткөрүшөт, бирок, формалдуу түрдө гана жана көбүнчө алар долбоорлордун сайтта илиниши менен эле аяктайт. Бирок, эл өзү деле Жогорку Кеңеште кандай мыйзамдар кабыл алынып жатканына кызыкпайт, анткени, алардын жашоосу жакшы жакка өзгөрөрүнө анчейин деле ишене беришпейт.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх