Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Апрель» каналы кайрадан эфирге чыгат

Телекомпаниянын жетекчилиги каналды обого чыгарууга даярданууда

«Апрель» телеканалы кайрадан эфирге чыгат. Мындай маалыматты КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков кабарларды.
Учурда телеканалдын жамааты обого чыгууга даярданып жатканы белгилүү. Эфирге чыгуу 26-ноябрга белгиленген.

«Кайдыгер карабагандардын бардыгына, өзгөчө «Санарип технологиялар» ЖЧКсына, Медиа Полиси институтуна ж.б. ыраазычылык билдиребиз», - деп ал социалдык тармактардын бириндеги баракчасына жазган.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын август айында Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ээлик кылган «Медиа-Форумдун» имаратын, ошондой эле ага тиешелүү «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка алган».

Телеканалдык эфирдик берүүсү 2019-жылдын 7-августунда мурдагы өлкө башчысын кармоо боюнча атайын операциянын биринчи күнүндө токтотулган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх