Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов: Мен бизнес менен гана алектенип жатам

Президентикке экс- талапкер анын бардык өнөктөштөрү чечимдерин өз эрки менен кабыл алышарын белгиледи

Президентикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов кезектеги жолу учурда бизнес менен гана алектенип жатканын баа белгиледи. Бул тууралуу саясатчы Фейсбук социалдык тармагындагы жеке баракчасында жарыялаган.

(орусчадан которулду - ред.)

«Урматтуу журналисттер, кадырлуу кыргызстандыктар!

Чагымчыл аракеттерди жүргүзүү жана жеке мени каралоо максатында менин атымды кезектеги жолу колдонуп жатышкандыктан сиздерге кайрылып жатам.

2 жылдан ашык убакыттан бери саясатка кийлигишпей калгам деп жоопкерчиликтүү түрдө билдирем. Мени менен буга чейин иштешкен адамдардын бардыгы өз чечимдери менен позицияларында толугу менен көз карандысыз. Мунун мага эч кандай байланышы жок.

Ал эми айрым басылмалар менен ыймансыз журналисттер тарабынан жалган жалааларын мен алардын өз абийирине койдум.

Терең урматтоом менен, Өмүрбек Бабанов», - деп жазган ал.

Эске салсак, президентикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов 9-августта Кыргызстанга узак убакыт жок болуудан соң кайтып келген. ЖКнын экс-депутаты 19-августта биринчи ирет ЭКККМКда суракка алынган. Бабанов «Кыргызстан» АКБба байланышкан иш боюнча суралганы маалымдалган. Ал ошондой эле УКМКда дагы сурак берген.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх