Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирлан Жеенчороев: Эгерде мен митингге чыксам, анда айрымдар «Республика» партиясы уюштуруучу экен деп ойлоп калышмак

Муну менен бирге депутат жарандардын сары кагазын кабыл алганын билдирди

Депутат Мирлан Жеенчороев Vesti.kg сайтына маек куруп, анда кечээ 25-ноябрда Ак үйдүн алдында өткөн митингди колдогонун билдирди.
Анын айтымында ал жарандардын бул демилгесин «Республика» партиясына байланыштырышпасын деп акцияга кошулган эмес.

- Эгерде мен митингге чыксам, анда айрымдар анын уюштуруучусу биздин «Республика» партиясы деп ойлоп калышмак - деди Жеенчороев. – Бирок, ошол эле маалда мен митингчилерди колдойм жана жарандар депутаттарга көрсөткөн сары кагазды кабыл алам.
КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев аянтка келген адамдарга кошулганын ага эске салганыбызда парламент мүчөсү анын кесиптешин бир дагы партия менен байланыштырышпасын айтып жооп берди.

- Көбүнчө Бекешевди кайсы-бир партия менен деле байланыштырышпайт - деп белгиледи Жеенчороев. – Ал негизи азамат, элге чыкты.

Эске салсак, кечээ 25-ноябрда «Ала-Тоо» аянтына миңдин тегерегиндеги адам нааразычылык акциясына чыккан. Алар колдоруна Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтү менен бийликке «эскертүүнү» түшүндүргөн сары кагаздарды көтөрүп барышкан.
Митингдин катышуучулары «Райым кетсин!», «Мыйзам бардыгына бирдей», «Раим камалсын!», «Уурулар түрмөгө» деп кыйкырып жатышты. Алардын арасында «Үмүт 2020» кыймылынын лидери Ширин Айтматова, экс-депутат Чолпон Жакупова, КСДПнын мүчөсү Адиль Турдукулов, ошондой эле ата мекендик шоу бизнес жылдыздары катышкан.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх