Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын бийлиги элдин ишениминен ажыраарына аз эле калдыбы?

«Эмне кылышарын билбей уйкулары качты го»

Жарандык коом кечээ саясий маданияттын жогорку деңгээлин көрсөттү. Саясат таануучу Кубат Султанбеков ушундай пикирде.

-Гонконг, Боливияда эмне болуп жатат карагылачы? А бизде эл тынч митингге чыгып, жогору жактагыларга өз көз карашын көрсөтүп койду - деди ал Vesti.kg сайтына. – 2005-жыл менен 2010-жылдагыга караганда масштабынан алганда абдан чакан болгону менен деңгээл жагынан алда канча жогору болду.

Султанбеков активисттердин кадамынан кийин бийлик демократиянын нормаларанын чыгып баратканын сезип, оңолушу керек деп божомолдойт.

- Биз 90-жылдар менен 2000-жылдары демократиянын мекени деп саналчу эмес белек - деп эске салды ал. - Бүгүн дагы ошол статусубузду далилдедик. Өлкөнүн жетекчилиги кулак төшөп, коррупциялык схемаларга карага керектүү иш-аракеттерди көрүш керек.

Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанда илгертен бери эле ММКда жарыяланган кандай макала болбосун, тийгизген таасири деле байкалбайт - дейт саясий талдоочу Дмитрий Орлов.
Анткени, убада берип коюп деле аткаминерлер анын аткарылышын чоюп жүрө беришет да.

- Акыркы кезде бийлик каалаганын, ал эми элдер колунан келгенин кылып жатышат - деди ал Vesti.kg сайтына. – Нааразылар көп. Митингге баары эле келе бербейт, бул элдин социалдык активдүүлүгүнөн. Анткен менен, аба-ырайы жылуу болсо, аянтка канча киши келет эле?

Орловдун айтымында биздин өлкөдөгү окуялардын өнүгүшүн божомолдоо кыйын: биринчи кезекте Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар жөнүндө иликтөө акыр-аягы кимге арналгандыгын түшүнүү зарыл.

- Бирок, бул Кыргызстанда саясий кризистин алып келиниши үчүн жасалган деп божомолдогон күндө дагы (ал эми мындай пикирлер азыр чынында жок эмес) иликтөө керектүү маалда чыкты- деп ишенет ал. Анткени, бажыдагы абал бардыгын, ошондой эле башка өлкөлөрдү дагы тынчсыздандырат. ЕАЭБ боюнча биздин коңшуларыбыз 10 эмес 20 жолудан көп муну эскертишкен. Демек, мындай протесттердин болбошу үчүн тышкы күчтөр ойноп кете алгыдай мындай себептерди да түзбөш керек.

Талдоочу коррупцияны түп-тамыры менен жоготуу мүмкүн эместигине кошулат. Бирок, улуттук коопсуздук коркунучу жаралгыдай чекке жеткирбөө өлкө жетекчилигинин колунан келет.

- Чыныгы коррупция - бул гаишникке берилген 2-3 миң сом эмес, аныгы - каржы агымдарын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү бар жогору жактарда. Эң коррупцияланган тармак - милиция же билим берүү менен доктурлар эмес - тендер менен мамлекеттик сатып алуулар.

Орловдун айтымында массалык маалымат каражаттарындагы коррупционердин элеси дагы оңой эмес ролду ойнойт.

- Советтик мезиглде коррупционерлер болгон эмес - паракорлор менен каракчылар болгон - деп тактады ал. - Азыр болсо биз аны италиялык кооз «коррупция» сөзү менен атап жатабыз. Кээ бирөөлөр айрым учурда өздөрүн коррупционер экенине дардаңдашат. Тамаша албетте, бирок, ар бир тамашанын өз чыны бар эмеспи.

Андыктан, бийлик элдин кадамына реакция кылышы керек. Коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов ушундай пикирде.

- Көрө жатарбыз, албетте, бирок, экстремалдуу бир нерсе кылышарына күмөнүм чоң. - -Чырмалгандар ого эле көп. Ким эле өзү менен күрөшсүн? Башкы  көйгөй мына ушунда болуп жатпайбы.

Эксперт президент Сооронбай Жээнбеков да, Коопсуздук кеңешинин катчысы Данияр Сагынбаев дагы бажыдагы коррупция боюнча өз пикирлерин билдиришкенине кошулду.

- Эгерде чара көрүшпөй, дагы бир жолу жымсалдап коюшса, анда элдин акыркы ишениминен ажырашат, процесс башталат - дейт Бейшенов. – Ошон үчүн азыр эмне кылып жиберишерин билбей уйкудан калышты го.

Эске салсак, кечээ 25-ноябрда «Ала-Тоо» аянтына миңдин тегерегиндеги адам нааразычылык акциясына чыккан. Алар колдоруна Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтү менен бийликке «эскертүүнү» түшүндүргөн сары кагаздарды көтөрүп барышкан.
Митингдин катышуучулары «Райым кетсин!», «Мыйзам бардыгына бирдей», «Раим камалсын!», «Уурулар түрмөгө» деп кыйкырып жатышты. Алардын арасында «Үмүт 2020» кыймылынын лидери Ширин Айтматова, экс-депутат Чолпон Жакупова, КСДПнын мүчөсү Адиль Турдукулов, ошондой эле ата мекендик шоу бизнес жылдыздары катышкан.

Бир нече чагымчылдар «Соке, чык эшикке!» деп кыйкыра башташты эле, калган эл алардын оозун тез эле басып койду.

Башаламандык болгон жок, элди эч ким курчоого да алган жок. Митинг аяктаган соң элдер акырын аянттан узап кетишти.

Митинг аяктагандан бир аз убакыттан кийин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бажыдагы коррупция кийинки жыйында талкууга алынарын маалымдаган.

Буга чейин Vesti.kg OCCRP, «Азаттык» радиосу тарабынан даярдалган «Кыргызстан аркылуу 700 млн доллар чыгарып кеткен Айеркен Саймаитинин окуясы» материалы жөнүндө жазган эле.

Авторлордун айтымында ишкер жүргүзүп келген махинациялары жөнүндө өзү журналисттер менен бөлүшөйүн деп чечкен, анткени, мурдагы өнөктөштөрү аны жөн койбосуна көзү жетип, өмүрү үчүн кооптонгон.

Ольга Федорчук
Фото Vesti.kg

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх