Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Алтынбек Торутаев отставкага кетиши керек, ал элди келесоо көрүп жатат

 Кайрат Осмоналиевдин айтымында Бажы кызматынын башчысы өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар жөнүндө билип туруп, унчукпай жатат

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев журналисттердин иликтөөсүндө сөз болгон, өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар жөнүндө маалыматым жок деп кыргызстандыктарды келесоо көрүп жатат. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Мамлекеттик коррупцияга каршы саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун мүчөсү, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев бөлүштү.

- Өлкөнүн бардыгы билет дагы, башкы бажычы билбей калыптырбы? -деп баш чайкады ал. Булардын баарын ачык маалыматтардан эле тапса болот. Торутаев өзүнүн кесипкөйсүздүгүн айгинелеп койду. Менимче ал бул жагдай боюнча ийне-жибине чейин кабардар. Болгону, МБКнын башчысы аңкоолонуп билмексен болууда. Мүмкүн ал чынында эле билбейт, бирок, менин буга күмөнүм өтө чоң. Кесипкөйсүз адамды мындай жогорку кызматка дайындашмак эмес. Же ал бизди келесоо көрүп жатат. Кыргызстандыктар өлкөдөн чыгарылып кеткен каражаттар жөнүндө Финразведка, Каржы полиция менен Бажы кызматы жашырган айрым жагдайлардан башкасынын баарын билишет да.

Осмоналиев МБКнын башчысы чынында эле КРден чыгарылган 700 млн доллар жөнүндө билбесе, анда ал өз кызматын таштап кетиши керек дейт.

- Мыйзамдуу негиздери болбосо, акча каражаттарын чыгарып кетүү эл аралык кылмышка жатат- деп сөзүн улантты Кайрат Медербекович. - Бул Кыргызстандын аброю үчүн өтө чоң сокку. Биздин дарегибизге бул боюнча жемелер эки жыл мурда эле ЕАЭБнын жыйынында башка мамлекеттердин өкүлдөрү биздин өлкөнү ««Контрабадистан» деп атаганда эле башталган. Эгерде ал 700 млн доллар жөнүндө билбесе, анда кынтыксыз бул кызматтан кетүүгө тийиш.

Тактай кетсек, кечээ ЖКнын бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында МБКнын башчысы Алтынбек Торутаев депутат Зиядин Жамалдиновдун суроосуна жооп берип, бажыда учурда КРден чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу маалымат жок экенин айткан. Ал президенттин, премьер-министрдин аппараттарынын жана вице-премьер-министрдин иш бөлмөлөрүндө камералар орнотулганын, алар аркылуу бажычылардын бардык иш-аракеттерин онлайн режимде көзөмөлдөөгө мүмкүн экенин билдирген.

«Кыргызстанга жыл сайын 2,5 млрд долларга импорттук товар түшөт, 16 миңдей ишкерлик субъектилери бар. Менин оюмча, бул 700 млн доллар - товарлардын акчасы. Укук коргоо органдары иликтешет деп ойлойм» , - деген МБКнын башчысы.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх