Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдүк тургун Кумтордун кайра иштетүүчү ишканаларынан чыккан кара түтүнгө көңүл бурду (фото)

Ал тийиштүү мамлекеттик органдарды ал жерде иш алып барган компанияларды текшерүүгө алууга чакырды

Кумтөр кенинде иштеген компаниялар айлана-чөйрөнөнү сактоонун талаптарын бузууда деп шек санагандар бар. Эрежелердин сакталбай жатканына тийиштүү мамлекеттик органдардын көңүлүн буруу үмүтү менен Vesti.kg сайтынын редакциясына Ысык-Көл облусунун Боконбаев айылынын жашоочусу кайрылган.

Анын айтымында Кумтөрдүн аймагында технологиялык кайра иштетүүдөн кийин чийки заттан калган көмүр чаңын кайра иштеткен «Фортуна плюс» ЖЧКсы жана Усубалиев ЖИ иш алып барат.

«Көмүр чаңын кайра иштетүүдө колдонулган жабдыктардын бири өтө көп, зыяндуу заттарды да чыгарышы толук мүмкүн - деп божомолдойт арыздануучу. - Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги, Госэкотехинспекция жана ЭКККМК бул ишканаларды текшрүүгө алса жакшы болмок».

Ал экология маселеси жакын жашаган аймактардын бардык жашоочуларынын кызыкчылыктарын козгоорун баса белгиледи.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх