Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыйкатчынын аппараты менен Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери кармалган Автандил Жоробековго жолугуша алышкан жок

УКМКда ал учурда тергөө иш-чараларына катышып бош эместигин айтышкан

Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери учурда УКМКнын тергөө камак жайында кармалып турган «БеспределKG» фейсбук-баракчасынын администратору Автандил Жоробеков менен жолугуша алышкан жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев маалымдады.

Анын айтымында алар кечээ эртең менен УКМКнын кызматкерлери менен Жоробековдон кабар алып келүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүшүп, «тергөө иш-аракеттери» жүрүп жаткандыгына байланыштуу аны менен жолугушуу учурда мүмкүн эместигин билишкен.

- Бизге эки жактоочунун катышуусунда тергөө иш-аракеттери жүрүп жатканын айтышты - деди Алимбаев. - Түштөн кийин УКМК бул иштер дале уланып жатканын билдиришти.

Акыйкатчынын орун басары алардын алдын ала жолугушуусу 4-5 күндөн кийин болушу мүмкүндүгүн айтып кошумчалады.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун төрагасы Нурдин Сулайманов өз кезегинде, алар дагы кечээ Жоробековго кезигип келүүгө ниеттенишкенин Vesti.kg сайтына билдирди. Бирок, алардан дагы жолугушуусун кийинчерээк өткөрүүнү суранышкан.

- Мен ээкеч өкүлдөрүбүздү СИЗОго жибергем, бирок, ал жерде Жоробеков жок экен. Тергөө иш-чараларына катышып жатыптыр - деп түшүндүрдү Сулайманов. - Биз дагы бир жолу барып келелик деп жатабыз.

Эске салсак, 24-ноябрда УКМКнын кызматкерлери «БеспределKG» баракчасынын администратору Автандил Жоробековду өз билдирүүлөрү менен аймактар аралык кастыкты козутканы үчүн кармашкан. Ал президент Сооронбай Жээнбеков менен Хабибулла Абдукадыр Раимбек Матраимовго Кыргызстандан чыгып кетүүгө жардам беришти деп жазылган посту үчүн кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Кийинчерээк Жоробековдун карындашы видео кайрылуу чыгарып, анда бир тууганынын кармалышын негизсиз деп атаган жана президент Сооронбай Жээнбековдун бул жагдайга көңүл буруусун суранган. Белгилүү болгондой, Автандил Жоробеков Кыргызстандагы коррупцияга каршы өткөн митингден бир күн мурда - 24-ноябрда кармалган.

«УКМК ага абдан оор берене боюнча айып тагууда - интернет аркылуу аймактар аралык кастыкты козутуу. Далил катары Беспредел KG баракчасындагы «Хабибулла менен Соке Раимди өлкөдөн чыгарып кетишти» деген посту каралууда. Ошондой эле Автандилди 25-ноябрдагы митингге элди үндөгөн деп айыпташууда», - деген Темирова.

Чырлуу баракчанын администраторунун бир тууганы алардын жакындары УКМКнын аракеттерин адамдын сөз эркиндигине кол салуу катары карашарын баса белгиледи.
«Автандилди эң негизги болгон - сөз эркиндигинен ажыратып жатышат. Мен жарандык коомду, бейөкмөт уюмдарды жана 25-ноябрда аянтка барган бардык адамдарды ал мындан ары дагы бийликти кыймылдатып, чындыкты айтуусун, коомдогу көйгөйлөрдү чагылдыруусун уланта алышы үчүн аны бошотууга бизге жардам берүүгө чакырам - деп сөзүн жыйынтыктаган ал.

Кийинчерээк УКМКнын басма сөз кызматы Жоробеков кайсы публикациялардын негизинде кармалганын жарыялаган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх