Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирлан Жеенчороев: «РАЖ» партиясынын айрым депутаттарында учурда Бабанов менен дагы Ташиев менен дагы байланыштары жок

«Республика - Ата-Журт» парламенттик фракциясынын мүчөлөрү саясий бирикменин ичинде түзүлгөн кырдаал туурасында айтып беришти

Кечээ «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «Азаттык» радиосуна берген маегинде «Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясынын депутаттары учурда «сатылма» позицияда экенин билдирген. Анын айтымында кээ бир эл өкүлдөрү анын өзүн дагы, ошондой эле Өмүрбек Бабановду дагы колдобой калышкан. Ташиев депутаттардын бир бөлүгү бийликке, айрымдары башка партияларга колдоо көрсөтө башташканын айткан.

Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынан депутаты Мирлан Жеенчороев Vesti.kg сайтына Камчыбек Ташиевдин сөзү боюнча комментарий берип, анда «РАЖ» парламенттик фракциясынын айрым мүчөлөрүндө учурда партия лидерлери менен байланыштары жок экенин билдирди.

- Кыязы, Камчыбек Кыдыршаевич бул боюнча кабардар - деди парламент мүчөсү. - Бир четинен аныкы туура. Бүгүнкү күндө кээ бир депуттар Ташиев менен дагы, Бабанов менен дагы байланыштары жок.
Дагы бир «республикачыл», ЖК депутаты Руслан Казакбаев эл өкүлдөрүнүн кимиси Бабанов менен Ташиевди колдоп-колдобосун эч ким билбейт деген пикирде.

- Учурда ким кимди колдоорун эч ким билбейт - деди ал Vesti.kg сайтына. - Ар ким өз алдынча чечим чыгарат. Камчыбек Кыдыршаевич өзү айткандай, эгерде ал ошол маалда эле депутат болгондо, азыр абал башкача болмок. Өмүрбек Токтогулович фракциянын лидери болчу, кийин президенттик шайлоого аттанды. Андан кийин эмне болгонун өзүңөр жакшы билесиңер. Мурдагы бийлик ага саясий себептер менен кылмыш иштерин козгоду. Бабанов туруктуулукту сакташ үчүн чет өлкөдө жүрүүгө аргасыз болду. Ошол маалда мурдагы бийликтин айрым жетекчилеринин кысымы менен ал фракциянын лидерлигинен алынып салынды.

«Республика - Ата Журт» фракциясынан дагы бир депутат Таабалды Тиллаев Vesti.kg сайтына «республикачылдардын» башка партияга өтүү маселеси бүгүнкү күндө фракция ичинде да, парламентте да көтөрүлбөгөнүн билдирди.

- Мен антип ойлобойм - деп жооп берди ал. - Фракция өз ишин аткарып жатат. Анын үстүнө азыр өз тарапташтарыңды сатып кетип калгыдай партия деле жок. Азыр мындай маселе фракция ичинде да, Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн жок. Ал эми төрагаларды колдойбузбу-жокпу жөнүндө айтсам, Өмүрбек Токтогулович 2017-жылы эле бизге кайрылып, саясатка мындан кийин кайтып келбесин айткан. Ал бизден фракциянын ишин аягына чейин чыгарып, шайлоочуларыбызга берген убадаларды аткарууну суранган. Андан бери ал саясатка катышкан жок. Камчыбек Кыдыршаевич менен биз фракциялык маселер боюнча сүйлөшөбүз.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх