Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Кореядагы мурдагы элчиси: Сопоков коопсуздугуна кепилдик камсыздалбайын тергөө менен кызматташпайт

 Кылычбек Султан КРнын Стамбулдагы мурдагы консулу жогорку кызматттарды ээлеген аткаминерлерге каршы көрсөтмө бере аларына ишенбейт

Кечээ камакка алынган Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы консулу Эркин Сопоков бийлик тарабынан өзүнүн коопсуздугуна кепилдик берилмейин тергөө менен кызматташууга барары күмөн санатат. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына КРнын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан бөлүштү.

- Азыр өлтүрүү жөнүндө эмес коррупция жөнүндө сөз кылуу да кооптуу болуп калды - деп баса белгиледи ал. -Чындыкты айтып, ачыктагандар мамлекеттик куугунтуктоого туш болушууда. Ошон үчүн Сопоков бийлик тараптан коопсуздугуна кепилдик берилмейин болгон чындыкты айтып чыгаарына көзүм жетпейт.

Экс-элчи маркум ишкер Айеркен Саймаити Түркиядагы башкы консулдун автоунаасын 10 миң долларга ижарага алып жүргөндүгү боюнча да өз пикирин билдирди.

- Кылмышка катышы барбы, айта албайм. Бардыгы болушу мүмкүн - деди Кылычбек Султан. - Ал эми дипломатиялык номурларды ижарага берүү ээлеген кызматынан бошотууга жетиштүү негиз.

Эске салсак, 10-ноябрда Түркияда «Азаттык» радиосунун МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү боюнча иликтөөсүндө аты аталган ишкер Айеркен Саймаити киши колдуу ажал тапкан.

Кылмыш катталган жерден биздин өлкөнүн консулдугуна таандык 34 CC 2902 номурлуу Range Rover автоунаасы табылган.
Бул факт коомдук чоң резонанс жаратып, Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган. Кечээ, 28-ноябрда ал УКМКга суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган.

Буга чейин Кылычбек Султан Facebook социалдык тармагындагы баракчасына эгерде Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Стамбулдагы экс-башкы консулу Эркин Сопоковду жеке коргоосуна албаса, чыныгы кылмышкерлер жоопкерчиликтен кутулуп кетээрин жазган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх