Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«БеспределKG» фейсбук-баракчасынын администратору Атамбаевдин командасы менен келишим түзгөнбү?

КСДП Афтандил Жоробаевге бийликке каршы билдирүүлөрдү жарыялаганы үчүн акча төлөп келишкенин четке какты

«БеспределKG» Facebook-баракчасынын кармалган администратору Афтандил Жоробеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасы менен келишим түзүп, учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун саясий ишмердүүлүгүн жаманатты кылган билдирүүлөрдү жарыялачу. Бул тууралуу Reporter.kg маалыматтык агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

«Алардын айтымында Атамбаевдин командасынын өкүлдөрү Жоробековго белгилүү баракчага айрым постторду жарыялаганы үчүн акы төлөшчү», - деп жазат агенттик.

КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева өз кезегинде Vesti.kg сайтына бул маалыматты четке какты.

- Бул суу кечпеген калп. Жеке мен мисалы Жоробеков менен тааныш да эмесмин - деди ал.

Эске салсак, Афтандил Жоробеков үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында интернеттеги билдирүүлөрү үчүн кармалган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх