Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаев соттун конвойдук бөлмөдөн соттук жыйындар залына чыгуудан баш тартууда

Мурдагы президентти сотко мажбурлап алып келишкени белгилүү. Ал жаш конвойчуларга бут тоспош үчүн каршылык көрсөткөн эмес

Бүгүн Алмазбек Атамбаев Биринчи май райондук сотуна күч менен алып келинген. Бул тууралуу журналисттерге мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев маалымдаган.

Муну менен бирге юрист Атамбаев каршылык көрсөтпөгөнүн баса белгилеген.
- Ал жаш конвойчулар зыян тартып калбасын деп каршылык көрсөткөн эмес - деп түшүндүрдү Слесарев. – Атамбаев азыр конвойдук бөлмөдөн соттук жыйындар залына чыгуудан баш тартууда.

Конвойчулар Атамбаев өз эрки менен келгенин ага карата эч ким күч колдонбогонун такташты.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх