Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевди Азиз Батукаевдин иши боюнча сотко алып келишти

Мурдагы президенттин жактоочусу Шамил Атахановдун көрсөтмөлөрүнүн «бир тыйындык» мааниси жок экенин билдирди

Экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаев ак кан менен чын эле жабыркаарын айтып келген. Бул тууралуу журналисттерге мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Юрист Шамил Атахановдун көрсөтмөлөрүнүн «бир тыйындык» мааниси жок экенин жана кылмыштын эч кандай фактылары жана жагдайлары ачыла электигин түшүндүрдү.

- Мен бул протоколду тааныдым, ал жерде менин колум турат - дейт Слесарев. – Бирок, бул документтин түп нускасы эмес, көчүрмөсү. Тергөө органдары менен сот бул көрсөтмөнү купуя кылып бекитишкен, интернетте жарыяланганы мага таң калычтуу. Мындан сырткары, соттук жараян ушул документ үчүн гана жабык тартипте өтүүдө.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх