Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талантбек Исаев: Кайдагы бир кылмышкердей карап жатышканы мени абдан капа кылат

КР ИИМнин мамлекеттик атайын адистештирилген күзөт башкы башкармалыгынын башчысы ага карата кылмыш иши козголбогонун мындан улам ал азырынча суракка чакырылбаганын айтып берди

КР ИИМнин мамлекеттик атайын адистештирилген күзөт башкы башкармалыгынын башчысы, генерал Талантбек Исаевди азырынча УКМКга ага ачылган делген кылмыш иши боюнча суракка чакырыла элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

- Бардыгы мага карата кылмыш иши ачылды деп ойлоп жатышат, бирок, бул андай эмес, анткени сөз азырынча сотко чейинки текшерүү жөнүндө гана болуп жатат - деп түшүндүрдү ал. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде арыз катталды, аны текшерүүлөрү керек. Мыйзамга ылайык, адамга кылмыш жасагандыгына шектелип жатканы тууралуу билдирме келгенден баштап кылмыш иши козголгон болуп эсептелет. Мага мындай билдирме келип түшө элек жана тергөө органдары мени азырынча чакыра элек.

Талантбек Кедейканович анын «Манас менеджмент ЖАКдагы» ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтты.

- Сөз мен бул компанияда иштеген маалда алган ссудам боюнча болуп жатат, бирок, мен аны төгүп бүткөм, - деп тактады ал. -Жеке компанияда болсо, анан кандайча кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө сөз болсун? Мага ММКда кылмыш иши ачылыптыр деп жазып чыгышкандан кийин мени баары кылмышкердей карашканы мени абдан капа кылат. Мени эч ким эч нерсеге күнөөлөй элек болсо да.

Тактай кетсек, буга чейин жергиликтүү ЖМКларда Таланбек Исаевге карата «Манас менеджмент ЖАК» ишканасында иштеген маалда кыянаттык менен пайдаланганы фактысы боюнча кылмыш иши козголду деген маалымат чыккан. УКМКда арыз боюнча текшерүү жүрүп жатканын тастыкташкан.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх